Бангладеш мамлекетинде бүгүн эки жан кечти өздөрүн эки башка жерде жардырып жибергенден алардын өздөрүнөн тышкары дагы тогуз адам курман болду жана ондон ашык киши жараат алды. Акыркы мезгилде өлкөнүн исламчыл күчтөрү Бангладешти исламдык мамлекетке айлантуу талаптарын коюуда. Жакында өлкөдө эки сот өлтүрүлгөн, август жана октябрда болсо эки жардыруу болуп, төрт адам набыт кеткен.