Ирактагы америкалык жетекчилик бүгүн тараткан маалыматка караганда, кошуна Ирандан келген алты адам жана алардын айдоочусу менен котормочусу барымтага алынып кетти. Жума күнү Иракта Сюзанне Остхоф деген немис жараны да жоголуп кеткен, ишемби күнү болсо Иракта Батыш мамлекеттеринен келген дагы төрт адам барымтага алынган. Немис гезиттеринин жазышынча, Сюзанне Остхофту туткунга алгандар - эгер Алмания Ирактын азыркы өкмөтү менен кызматташууну улантса, Остхоф айым өлтүрүлөт, деп билдирген.