Өзбек бийлиги Хьюман Райтс Уоч укук коргоочу уюмунун өкүлдөрүнө Анжияндагы козголоң боюнча сот процессине байкоо жүргүзүүгө тыюу салды. Уюмдун аймактык директору Холли Картнер расмий Ташкен кандуу окуялар тууралуу чындыкты жаап жашырууну эми сот залында улантууда деген билдирүү жасады. Өзбек өкмөтү сот адилет жүрүүдө дегени менен, бийлик, иш жүзүндө, процесс жөнүндөгү маалыматты берүүдөн жана байкоочуларды катыштыруудан баш тартып жатат, - деди Картнер. Айдын башында 15 киши козголоңду уюштурду деген айып менен 14 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кесилген эле. Укук коргоо уюмдары окуяларда жүздөгөн бейкүнөө адам каза тапкан деп ырасташууда, расмий маалыматка ылайык, козголоңдо 187 киши, алардын көпчүлүгү аскерлер жана милиционерлер набыт болгон.