Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Кытай менен Орусия Кыргызстандын баш прокуратурасына жардам берет


БИШКЕК. Орусия, Кытай мамлекеттери менен Кыргызстандын башкы прокурорлорунун Москвада өткөн эки тараптуу жолугушууларында Кыргызстандын башкы прокуратурасына техникалык жардам көрсөтүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу болду. Бул тууралуу 30-ноябрда башкы прокурор Камбараалы Конгантиев билдирди. Анын айтымында, жолугушуу КМШ мамлекеттеринин жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун кезектеги отурумдарынын алкагында өттү. Ал эми 24-ноябрда өткөн бул отурумда терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо жаатында маселелер талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG