Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Максимович Айтбаевдин айтканын четке какты


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаты Максим Максимович 30-ноябрда маалымат каражаттарына билдирүү таратып, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевдин маркум депутат Баяман Эркинбаев менен Бермет Акаеванын жакын мамилеси болгондугу тууралуу билдирүүсүн четке какты. “Бермет Акаеванын Баяман Эркинбаев менен бардык жолугушуулары иш кенсесинде гана болгон. Эч кандай жашыруун жолугушуулар болгон эмес. Экөөнун жакын мамилеси тууралуу маалыматты коопсуздук кызматы каяктан алганы түшүнүксүз”, - деп жазат адвокат Максимович.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев Жогорку Кенештеги билдирүүсүндө маркум депутат Баяман Эркинбаев каза табаардын алдында Бермет Акаеванын үйүндө болгону тууралуу айткан.

XS
SM
MD
LG