Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу 90го жакын киши сурак берди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө айыпкер катары шектелип, Коопсуздук кызматынын тергөө изоляторуна киргизилген Азиз Батукаев, Рустам Абдулин баштаган адамдар учурда сурак берип жатышат. Бул тууралуу башкы прокурор Камбараалы Конгантиев 30-ноябрда уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутатын өлүмүнө байланыштуу ушул күнгө чейин 90го жакын киши суралып, 35 чамалаш экспертиза өттү. Ушул окуянын келип чыгышына байланыштуу кылмыш жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы башчысы Владимир Носовго мамлекеттик мүлктү уурдап-тоногон деген айып менен кылмыш козголуп, издөө салынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган үч адам 20-октябрда №31-колонияда атып өлтүрүлгөн. Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Икматулла Полотов ошол күнкү атышта оор жарат алып, кийинчерээк көз жумган. Башкы прокурордун айтымында, бул ишти иликтөөгө тергөө тобуна эки ай мөөнөт берилген.

XS
SM
MD
LG