БИШКЕК. Үй куруучулардын 12 коомунун жер ала элек өкүлдөрү 30-ноябрда Бишкек шаар мэриясынын алдына келип, нааразылык билдиришти. Алар бийлик жер бөлүү механизмин туура эмес иштеп чыккандыгына байланыштуу жер жергиликтүү бийлик башчыларынын жардамы менен өңчөй акчалууларга тийди, ал эми акчасы жок, жерге муктаж адамдар тышта калышты деп билдиришти. «Жетиген» ынтымак коомунун төрагасы Дүйшөгул Жусуповдун билдиргенине караганда, нааразы болгондор Бишкек шаардык кеңешинин текшерүү комиссиясынын тыянагынын негизинде күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жазалап, бош жер аянттарын жерсиз калгандарга берүүнү талап кылышууда. Текшерүү учурунда комиссия жерге байланыштуу 1600 мыйзам бузуу каттагандыгы мурда кабарланган. Бишкек шаар мэри Арстанбек Ногоев нааразы тараптын өкүлдөрүн 1-декабрда кабыл алып, маселени талкуулоону убада кылды.