Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Конфессиялар аралык конференция СПИД проблемасын талкуулады


БИШКЕК. СПИДдин ВИЧ инфекциясына каршы күрөштө мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери 1-декабрда Бишкекте өткөн конфессиялар аралык алгачкы конференцияда талкууланды. Конференция талкуунун жыйынтыгы боюнча меморандум кабыл алды. Меморандумда бул илдетти алдын алууда бардык диний уюмдар менен биргелешип аракеттенүүнү, аракеттенүүнүн жаңы ыкмаларын пайдаланууну макулдашты. Аны ишке ашыруу үчүн конфессиялар аралык консультативдик кеңеш түзүү, мамлекеттик конфессиялык программа иштеп чыгуу, бул иштерди координациялоону дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен өкмөттүн социалдык маданий өнүгүү башкармалыгынын СПИДге байланыштуу иштерди алып баруу секторуна тапшыруу сунушталды. Конференцияга Кыргызстандагы диний уюмдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференциянын катышуучуларын мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов куттуктады. Ушул эле күнү жер-жерлерде 1-декабрь – СПИДге каршы күрөш күнүнө байланыштуу акциялар өттү.

XS
SM
MD
LG