Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Аксыда митинг өткөнүн райаким тастыктаган жок


БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрага орун басары Кубаныч Маматкеримовдун телефон аркылуу берген маалыматына караганда, Каражыгач айылында беш айыл өкмөтүнөн эл чогулуп, митинг өткөрдү. Анда президент Курманбек Бакиевге, Кыргызстан калкына кайрылуу кабыл алынды. Маалыматка караганда, кайрылууда бир катар талаптар менен бирге төмөнкүдөй талап коюлду:

- Өлкөбүздө түзүлгөн коомдук-саясий абалды стабилдештирбегендиги, кадр саясатын жүргүзө албагандыгы жана Аксы элине келип, эл менен жолугам деп жалган айткандыгы үчүн президент Курманбек Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылабыз.

Ушул эле күнү Аксы районунун акими Токтогул Акеров «Азаттыкка» Каражыгач айылында эч кандай митинг болбогондугун билдирип, муну тартип коргоо кызматтарынын маалыматтары менен негиздеди.

XS
SM
MD
LG