Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:37

Парламент депутат Акматбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтеген комиссия жыйынтыгын укту


БИШКЕК. 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин жана анын жанындагылардын өлүмүнө байланышкан кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы угулду. Комиссиянын төрагасы депутат Алишер Сабиров алгач парламенттин депутаттарына №31 колонияда кимдир бирөө тарабынан мурда тартылган видеосюжетти көрсөттү. Анда криминалдык авторитет Азиз Батукаев баш болгон жаза мөөнөтүн өтүп жаткан адамдар колониянын короосунда кой союп, дасторкон жайып, көңүл ачып отурганы, күрөш уюштуруп, ит уруштурган кадрлар тартылган. Ошондой эле эркинен ажыратылгандарга ийне менен көп өлчөмдөгү баңги затын таратып жаткан көрүнүштөр камтылган. Депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Сабиров жаза өтөө жайындагы мындай көрүнүштү Юстиция министрлигинин жана Жаза аткаруу башкармалыгынын коррупцияланышып, президенттик администрация жана Коопсуздук кеңеши тарабынан көзөмөлгө алынбай калышы менен сыпаттады. Депутат Тынычбек Акматбаевдин жана анын жанындагылардын өмүрүнө кол салуу - колонияларга өкмөттүн көңүл бөлбөгөнүнөн, Жаза өтөө башкармалыгынын көзөмөл кыла албай калганынан келип чыкканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG