Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ КЫРГЫЗСТАНДА ДА БЕЛГИЛЕНДИ


Дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. “Ден соолук” аттуу берүүбүздүн жаңы чыгарылышы мына ушул күнгө байланыштуу СПИД маселесине арналмакчы.

Алгач медицина жаңылыктары тууралуу:

Кытай. Акыркы бир жыл ичинде Кытайда СПИД оорусуна алып келе турган ВИЧ оорусу менен катталгандардын саны 50 пайызга өстү. Эгерде 2004-жылы Кытайда расмий түрдө 89 миң адам ВИЧ менен катталган болсо, 2005-жылы ВИЧ менен ооруган адамдардын катары 135 миңге көбөйдү. Ал эми бул вирусту аныктто үчүн быйыл 2 миллион гана кытай текшерүүдө өткөн. Эл аралык адистер менен бирге Кытайдын адистери да бул ооруга чалдыккандардын саны мындан да көп экенини айтышууда. Алардын айтымында, бул илдетти аныктоого Кытайдын саламаттык сактоо системасынын начардыгы тоскоолдук көрсөтүүдө. 2003-жылы Кытайда СПИДге чалдыккандардын саны 840миң, деп Кытай бийлиги билдирсе, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму башкача маалыматтарды берди. Алардын билдирүүсү боюнча, ВИЧ менен ооруган адамдардын саны 650миңден ашкан. Ал эми айрым эксперттер инфекцияга чалдыккандардын саны эбак эле миллиондон ашып кеткендигин айтышууда.

Алматы. Казакстанда акыркы 10 ай ичинде ВИЧ оорусуна чалдыккан дагы 747 адам катталды. Алардын 82си СПИД менен ооруйт. ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын СПИДге каршы жана профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Исидора Ерасилова журналисттерге билдирген. Анын маалыматына ылайык, Казакстанда ВИЧ менен расмий катталган 5362 адамдын 303дө СПИД оорусу аныкталган. Казакстанда ВИЧ-инфекциясы биринчи жолу 1987-жылы катталган.

Эми Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарга кайрылалы.

1-декабрда Бишкекте “Хайятт” мейманканасында “ВИЧ/СПИД жана коомчулуктун адеп ахлактуулугу” деген ат менен биринчи улуттук конференция болуп өттү. Аталган жыйынга президент администрациясынын, парлменттин, өкмөттүн, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар ВИЧ-СПИДди алдын алуу жана коомчулуктагы адеп ахлактуулук маселелерин талкууга алышып, ВИЧ-СПИД маселелсин чечүү боюнча пикир алмашып, өз сунуштарын айтышты. “Мутакалим мусулман аялдар” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы СПИД маселесине көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгын айты:

- СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө медицина кызматкерлери гана эмес, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да өз салымын кошушу керек. Менин оюмча, өлкөдө бирдиктүү улуттук бир программа кабыл алыныш керек.

Белгилей кетчү жагдай, жыйындын соңунда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүүнүн жыйынтыктоочу документи кабыл алынды. Документте белгиленген жоболорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргызстанда ВИЧ-СПИДи профилактикалоо маселелерди координациялоо боюнча конфессия аралык консультативдик кенешме түзүү чечимим кабыл алынды.

СПИД адамга кандай жолдор менен жугуп калат? Спидге чалдыккан адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Эгер адамдын организминде спидге тиешелүү белгилер пайда болсо, алгач кайда кайрылуу керек?

СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан – бул негизинен баңгилердин арасында, жана СПИД оорусуна кабылган энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек сүтүн берүүдө. СПИД өбүшүүдөн, кучакташуудан жукпайт.

Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу эсептелет.

Илдеттин адамга жугушунун алгачкы белгилери тууралу БУУнун калк менен иштөө фондунун башкы кеңешчиси Айгүл Асанбекова буларды айтты:

- Белгилери көп. Эң башкысы адамда иммунитет бузулат. Ошондуктан адам ар кандай анча деле коркунучтуу эмес оорудан катуу ооруй баштайт. Мисалы, сасык тумоодон, суукка кабылуудан... Адамдын денесинде чоң-чоң жаралар пайда болуп, териде өзгөрүүлөр жүрөт.

Ал эми Глобалдык фонддун СПИДге, кургак учукка, безгекке каршы долбоорун жайылтуу боюнча Кыргызстандын түштүк аймагынын атайын өкүлү Жахангир Өмүрзаковдун маалыматына ылайык, СПИД менен ооругандардын 75-80 пайызы баңгизаттарды сайынгандар.

Жогоруда белгиленгендей, адам алсызданып, кайсы бир жугуштуу оору менен ооруп, андан айыгуусу кыйындап атса, айрыкча көкүрөк оорулары өтүшүп, денесинде жаралар пайда болсо, албетте эң биринчиден адам өзү шектүү жыныстык катнашуудан корголбогон болсо, баңгизатты пайдаланган болсо, дагы башка себеп болор жагдайлар болгон болсо, тез арада шаардык, облустук “СПИД” борборуна барып, канын текшертиши керек. Эгер кандан СПИДдин инфекциясы табылса, кечиктирүүсүз эпидемиологиялык борборго кайрылып, дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткаруусу зарыл.

БУУнун калк менен иш алып баруу фондунун башкы кеңешчиси Чолпон Асанбекова буларды айтты:

- Дарыгер гана сизге туура дарылануунун, туура тамактануунун, эрежелерди сактоонун жолдору боюнча туура кеңеш бере алат. Биз азыр Глобалдык фонддун каржылоосу менен СПИДге каршы абдан кымбат баадагы антиратравирустук дарылоону жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстанда ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандардын өсүшү өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Учурда Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 807ге жетти, алардын 52си СПИД ооруусу менен катталып, 44 адам каза болгон. Адистердин айтймында, ВИЧке чалдыккандардын 80 пайызы бул илдетти баңгизатты колдонуу менен ийне аркылуу жугузгандар. Акыркы мезгилде бул илдетти жыныстык жол менен жугузгандардын да саны көбөйүүдө.

ВИЧ-СПИД эпидемиясы учурда Кыргызстан үчүн да чындап коркунуч туудурууда. Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 807 адам ВИЧ илдети менен, алардын ичинен СПИД ооруусу менен 52 адам катталып, 44ү каза болгон. СПИДге кабылгандардын көпчүлүгү бул дартты баңгизатын колдонуу менен ийне аркылуу жугузуп алгандар. Соңку мезгилде бул илдетти жыныстык жол аркылуу жугузгандардын да саны көбөйүп жаткандыгын республикалык СПИД бирикмесинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Исмаилова мындайча билдирди:

- Акыркы кезде ВИЧти жыныстык жол аркылуу жугузуу көбөйүүдө. Мындан тышкары кош бойлуу аялдардын да бул илдетке кабылуусу чоң көйгөйдү жаратып жатат. Бардыгы ВИЧ менен 27 аял катталаган, алардын 22си төрөдү. Бул балдар 1,5жылга чейин биздин диспансерде турушат. Ошондой эле бул ооруга көбүнчө жаштар кабылууда.

Аялдарды соодалоонун, сексуалдык эксплуатациянын, баңги заттарын сатуунун өлкөдө өсүп баратышы мамлекеттин келечегине олуттуу кыйынчылыкты алып келиши мүмкүн. Бишкектин көчөлөрүндө денесин соодалап турган кыздарга жылына бир жолу медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. “Таис плюс” бей өкмөт уюмунун ВИЧ маселеси боюнча консультанты Люба Бегалиеванын айтымында, алардын бир жарым пайызы ВИЧ илдетине чалдыкандар.

Кийинки учурда түштүк аймагында СПИД-ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны көп катталууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата каттоо жүргүзүлүп, анда Ош облусу боюнча 379, Ош шаарында 256 адам ВИЧ-СПИД оорусу менен ооругандар катталып, анын ичинен 40 адам көз жумган.

Ош облустук Ден соолукту чыңдоо борборунун деректору Эркегүл Сманалиева СПИД оорусуна каршы ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу буларга токтолду:

- Ошто баңгилердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу СПИД жана ВИЧ көбөйүүдө. Мектеп окуучулары, жаштар арасында бул илдет көп кездешүүдө. СПИд оорусу – бул эмне, кандай жолдор менен жугат? Мына ушул боюнча иштерди алып барып жатабыз.

Ал эми Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Нематулла ажы Жээнбеков бул илдеттен сактаныш үчүн коом өзү өзгөрүшү керек деген пикирде.

Бириккен Улуттар Уюмунун адистеринин берген маалыматына ылайык, кылым чумасынын чабуулу Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде тездик менен жайылып баратат. Элдин жумушсуздугу, аракечтик менен баңгилик, баш аламан жыныстык байланыштар бул кара тумоону өрчүшүнө алып келди. Баарынан өкүнүчтүүсү - иммунодефицит илдетине жаштардын улам барган сайын көбүрөөк чалдыгып жатканы.

Эми ВИЧ-СПИД оорусун профилактикалоо жолдору жана өлкөнүн массалык маалымат каражаттары бул илдет тууралуу кандай чагылдырып жаткандыгы тууралуу сөз кылсак. ВИЧ-СПИД оорусуна кабылган адамдардын санын азайтууда, ВИЧтин жылдан жылга өсүү көйгөйүн чечүүдө - алгач коом бул коркунучтуу илдет тууралуу маалым болушуш керек.

Кыргызстандык адистердин айтымында, акыркы жылдары ВИЧ инфекциясына жаш өспүрүмдөр көп чалдыгууда. Айрыкча 15-17 жаштагы өспүрүмдөр баңги заттарын колдонууда жана жыныстык катнашуу учурунда мындай илдеттен сактанууга этият болушпайт деген маалыматты эл аралык уюмдардын эксперттери айтып жүрүшөт. Бул ооруларды алдын алуу иш-чараларын, аракеттерин маалымат каражаттары кандай деңгээлде чагылдырууда?

Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып, 8 миңдей адам СПИДден каза болуп турат. Дүйнө жүзүндө ВИЧ-инфекциясы коркунучтуу жагдай түзгөндүктөн БУУнун демилгеси менен 10дон ашуун эл аралык уюмдар, долбоорлор алдын алуу иш-чараларын көрүп келет.

БУУнун ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү долбоорунун Борбор Азия боюнча координатору Ирина Савченко Кыргызстанда бул илдетти алдын алуу иш- чараларын көрүүдө маалымат каражаттарынын ролун жогору баалады. Ошентсе да илдет менен жаш өспүрүмдөр көбүрөөк ооруп, жылдан жылга эпидемия өсүп баратканын белгилдеди:

- Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү СПИД, ВИЧ эпидемиясынын зыяндуулугун эл-журтка жеткирүүдө салым кошууда. Айрыкча алдын алуу, түшүндүрүү иш-чаралары маалымат айдыңында кеңири чагылдырылса зор натыйжа берет. Айрыкча жаштар үчүн маалымат булактарында көбүрөөк кабарлар берилсе. Себеби, мындай дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар болуп жатышы өкүндүрөт.

Бул ооруну алдын алуу үчүн дүйнө жүзүнө таанымал кино, эстрада жылдыздары, коомдук ишмерлер акция өткөрүүнү салтка айландырганын, мындай саамалыктар Кыргызстанда дагы колго алынып, өткөрүлө баштаганын Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорунун башкы менеджери Талгат Субанбаев белгиледи:

- Мындай иш-чаралар, акциялар жаштарга таасир берип, бул оорунун коркунучтуу экенин маалымдайт. Кыргыз эстрада жылдыздары Актан Исабаев, Адил Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, “Инсан” тобу жана Александр Войнов баштаган кикбоксчулар, кыргыз спорт жылдыздары ВИЧ-СПИД инфекциясына каршы акцияларга катышууда.

Айрыкча мектеп жашындагы өспүрүмдөргө илдеттин зыяндуулугун таанытууда Борис Шапиронун чуулган жараткан “Сергелең жашоо ыңгайы” аттуу китебинин таасирин таанууга болбостугун адистер айтышууда. Бул илдет тууралуу дагы бир нече китеп жарыкка чыкканын, жогоруда аталган китепти Борбор Азия өлкөлөрү көп нуска менен чыгарып кетишкенин, акыры китепке каршы болгондор каталыктарын түшүнөөрүн “СПИД” бирикмесинин директору Борис Шапиро белгиледи:

- Акыры чындык жеңет. Кыргыз элинде “молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деген жакшы макалы бар. Биздин багыт тууралыгын мезгил өзү далилдеп, айгинелеп жатат. Мектепте бул оору тууралуу көп маалымат болсо, андан сактанууга өбөлгө гана болмокчу. Ал түгүл, “Ислам жана СПИД” деген китеп да чыгардык. Мындан башка дагы бир нече китептер чыкты. Бул жаштарга түшүндүрүү үчүн керек.

ВИЧ-СПИД эпидемиясынын алдын алууда, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө маалымат каражаттары дале жеткилең иш алып барбаганын, айрыкча кыргыз тилиндеги маалыматтар телекөрсөтүүлөрдө кеңири чагылдырылбай учкай гана баяндалып жатканын жогоруда аталган долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Элден Калчакеев белгиледи:

- Былтыр кыргыз тилиндеги маалымат каражаттары активдүүлүк кылса, быйыл орус тилинде чыккан гезиттер, радио-теле берүүлөрдө ВИЧ-СПИД илдети тууралуу кеңири чагылдырылды. Чынында маалымат каражаттары бул илдетти талдоого алган терең мазмундагы таасирдүү макалаларды өтө аз берүүдө. Учкай гана баяндалып, маалымдоо менен гана чектелип калууда. Мындай дарт менен ар бир атуул ооруп калуусу ыктымал, эгерде сактанбаса. Ошондуктан маалымат эл-журтка көп берилип турса дурус болмок. Айрыкча теле берүүлөрдө бул көйгөй аз камтылып жатат.

ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча маалымат каражаттарынын арасындагы конкурс бир жылга созулса дагы өлкө боюнча 30 журналист гана катышкан. Ошентсе да басма сөздө арбын макалалар жарыялана баштаганын, жаштарга бул илдеттин коркунучтуулугун ачып берүүгө аракет байкалганын эксперттер билдирүүдө. “Эң мыкты социалдык видеотасма” конкурсуна болгону эки облустук телекомпания гана катышкан. Жаңы рубрика, программанын алкагында даярдалган макалалар жокко эсе, журналисттер мурдакы темалар менен гана чектелүүдө, дешет калыстар тобунун мүчөлөрү. Конкурста гезиттерден “Айданек”, “Весть” жана “Жаңы кылым” жеңүүчү деп табылса, Баткен облустук телерадиокомпаниясы жана “Ош-3000” телекомпаниясынын аракети бааланды. Радио берүүлөрү үчүн “Мир”, “Немецкая волна”, “Манас” радиостанциялары байгелүү орундардын ээси болушту. Ошондой эле бир катар журналисттерге сыйлыктар тапшырылды.

Даярдагандар: Мээрим Султангазы, Фатима Абдалова, Мира Аманбаева, Кабыл Макеш

XS
SM
MD
LG