Граждандык укуктар боюнча комитеттин Брюсселде өткөн жыйында айтылгандай, европа өлкөлөрүндө америкалык чалгындоо башкармасынын жашыруун түрмөлөрү жөнүндөгү түкшөмөлдөргө өкмөттөр активдүү реакция жасашкан жок. “Хюман райст уотч” уюму жарыялаган тизмеде жашыруун абактарда жатышы ыктымал деп эсептелген 26 адамдын ысымы аталды. Уюмдун өкүлү Том Малиновский “Азаттыкка” берген интервьюсунда алар кандай гана аскери же кылмыш иштери үчүн айыпталбасын, баары бир жарандык укуктары сакталышы керек деп билдирди.