Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

КАНЫБЕКTИН БАЙГЕСИ


2-декабрда Бишкекте оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чоюн билек балбандарынын күч сынашуулары өттү.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан белгилүү оор атлетчи, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиадалык оюндардын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине эл аралык мелдеш быйыл 19-ирет өткөрүлүп жатат. Бул таймашууга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 150дөн ашуун балбаны катышууда. Мелдеш жаш спортчуларды сыноо менен чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө болуп, чоң таймашууларга жол ачып келатканын өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Каныбек Осмоналиев белгиледи:

-Бул мелдешке Казакстандан эле 60тан ашуун балбан келди. Тууну көтөрүп, намыс талашуу кандай болоорун, жеңишке жетүүгө кандай эмгек, машыгуулар керектигин, чеберчиликти кантип жогорулатуунун зарылдыгын жаштар ушундай мөрөй талашууларда жон териси менен сезип, жоопкерчилиги күчөйт. Ата мекендин атын чыгарып, аны даңазалоонун бир мүмкүнчүлүгү ушул мелдеш. Жылдан-жылга таасири артып, деңгээли жогорулап баратат.

Жеңил салмактагы балбандардын күч сынашуусунда чымкенттик Николай Алиев баш байгенин ээси болду. Бул таймашта казакстандык жигиттер айырмаланып, кызыл ордолук Жоомарт Жарасбаев менен акмололук Самар Кененбаев күмүш жана коло байгенин ээси болушту.

Ошондой эле 62 кг. салмактагы мөрөй талашууда дагы казакстандык Нурлан Сапаргалиев жалпы суммада 255 кг. оордукту багындырып, Каныбек Осмоналиевдин колунан баш байгени алды. Бишкектик Рустам Ниязалиев менен Бекзат Осмоналиев экинчи, үчүнчү орундарды камсыз кылышты.
Ушул салмактагы таймашууга Каныбек Осоналиевдин уулу спорт чебери Тынчтык да катышты. Баш байгелерди жеңген казакстандык балбандарды тарбиялаган устаты Амангелди Карымкулов бул мелдештин деңгээли жыл сайын жогорулап баратканын айтты.

-Ар жыл сайын Каныбектин байгесине арнайы жарыштарга жаштарды алып келем. Жакында эле Катарда өткөн дуйнө чемпионатынан коло байгелүү кайткан алматылык Алексей Ершов бул турнирде дагы таанылып, Казакстандын рекорддун жаңыртты. Жаштар үчүн мындай таймашуулар абдан керек. Быйыл Каныбек Осмоналиевдин байгесине арнайы турнирге Казакстандын 6 шаарынан команда келди. Мындан дагы бийик даражага жеткирип, бүткүл Азиянын, Орусиянын балбандары келгендей жагдай түзүү зарыл.

Каныбек Осмоналиевдин жолун жолдоп Кыргызстанды Азия аймагына тааныткан жаштар арасында Азия чемпиону Кутман Молдодосов 69 кг.салмактагы күч сынашууда 287 кг. оордукту багындыруу менен баш байгени колдон чыгарган жок.
Экинчи орунду чымкенттик Cергей Журавлев, үчүнчү орунду бишкектик Камбар Токтоналиев ээледи.

Кыргызстандык чоюн билек балбандардын даярдыгы тууралуу өлкөнүн оор атлетика боюнча башкы машыктыруучусу Усөнкан Майназаров мындай дейт:

- Биздин жигиттерге демөөрчү болуп, колдоого алган ишкер агалар деле болбоду. Колдоого татыктуу, намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар деле бар. Кендирди кескен каражаттын азабынан Катарда өткөн дүйнө чемпионаттына жалгыз Кутман Молдодосовду алып барып келдим. Калган үч жигитке каражат маселеси чечилбей , дүйнөлүк таймашууга катышпай арманда калды. Каныбек агайдын турнирине командабыз толук курамы менен катышып жатат. Алардын катарында Азиянын чемпиону Улан Молододосов , Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Камбар Токтоналиев, Манас Алибаев жана Кутман Молдодосов жана башка жигиттер бар. Жигиттердин даярдыгы дурус эле. Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө, намысты колдон чыгарбоого аракет кылабыз.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосундагы таймашуу курч мүнөздө өтүп, 77 кг. салмакта бишкектик Замир Ашырбаев Каныбек Осмоналиевдин байгеси утуп, алтын медаль тагынды. Ал эми 85 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда казакстандык Алексей Ершов биринчи орунду утуп алды.

10 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан эл аралык спорт чебери, жаштар арасында Азиянын чемпиону Кутман Молдодосов таймашуулар жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:

- Жакшы эле даярдык көрдүк. Менин негизги аттаандашым - өзүмдүн мурдакы курбум, бирге машыгып жүргөн казакстандык Сергей жана бишкектик Камбар болду. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанып, ийгилик жаралат. Бул жолу менин жолум болду. Мен дагы Каныбек Осмоналиевдей кыргызды таанытып, дүйнө, олимпиада жеңүүчүсү болуу тилегим.


Спорт күйөрмандардын эсине, Каныбек Осмоналиев оор атлетикадан 1980-жылы Москвада өткөн 22-Олимпиялык оюндардын чемпиону аталып, жалпы жыйынтыкта 247,5 кг оордук көтөргөн. Ал оор атлетиканын эң жеңил салмагы (52 кг) боюнча Европанын 2 жолку (1978, 1981), дүйнөнүн 4 (1978 - Швеция, 1979 - Греция, 1980 - Москва, 1981 - Франция) жана СССРдин 2 жолку (1975) чемпиону болгон. Мындай ийгиликтерге жетүүсүнө машыктыруучусу Семен Иткиндин салымы зор.

Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнө байгелерди жана баалуу сыйлыктарды Каныбек Осмоналиев өзү тапшырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG