Каалайбызбы, каалабайбызбы эл арасында мунжу, майып төрөлгөндөрдү жолуктуруп, аларды коомдон сыртта калтыра албайбыз. Демек, биз бүгүн сөз кылып жаткан Ысыккөл районунун Карой айылында 15 жашар Канатбек уулу Алтынбектин тагдыры башкача. Анткени ал экинчи топтогу майып эле эмес, үйүнүн жоктугунан көчөдө да жашаган инсан. Апасы Майрам Бапаеванын айтуусунда, Алтынбек төрөлгөндө эле сүйлөбөй, бел сөөгү кыйшык болуп, бир буту кыска жаралган. Баласы экөө кандай тагдыр менен көчөдө калганын апасы мындайча белгиледи:
- Балам оорукчан. Эки бөлмөлүү үйүм бар болчу. Жолдошумдун энеси гана бар болчу, ал начар жашачу. Жолдошум каза болгондо, апасы сөөгүн албай койгонунан мен үйүмдү сатып күйөөмдү өзүм көмгөм. Азыр такыр эч нерсем жок талаада, көрүнгөн подвалдарда жашап жүрөм.
Майрам Бапаеванын ырасташынча үч уул төрөп, алар аз убакыт жашап, чарчап калган. 30 жашында Алтынбек төрөлүп, бирок ал жакшы басалбай, сүйлөй албай майыптыктын азабын тартып келатат.
- Уулум 15 жашта. Төрөлгөндө эле майып болуп төрөлдү. Эмне себептен ушундай төрөлгөнүн билбейм, сүлөбөйт, экинчи топтогу майып. Пособие 378 сом алам, – дейт майып баласынын пособиесине күнү түшүп калганына ызаланган Майрам Бапаева.
Көрсө жолдошy Канатбек Төлөгөнов каза боло электе баланы ал карап, өзү болсо эки бөлмөлүү квартира алган экен. Жогоруда белгилегендей, жолдошун акыркы сапарга узатуу үчүн үстүндөгү үйүнөн кол жуугандан кийин майып баласына каралашкан киши жок, иштей албай жүрөт:
- Бала менен кайда барып иштейм. Балам дайыма менин жанымда жүрөт. Балаң оорукчан деп мени эч ким жумушка албайт – деген эне оорукчал уулун Беловодскидеги акыл-эси кем балдар үйү гана кабыл алганын билдирди.
Баласынан ажырагысы келбеген Майрам Бапаева ал жерде тогуз ай балдарды багуу үчүн жумуш аткарган. Бирок түнкүсү апасы жок уктай албаган Алтынбектин абалы начарлаганда, ал жерден кетүүгө аргасыз болушкан. Экинчи топтогу майып баласын жетелеп, тааныштарынан күнүмдүк курсак тойгузган Майрам Бапаева эми кароолчулук жумуш гана Алтынбегимди жаныма алып жүрүүгө ылайыктуу экен деген үмүт менен Ысыккөл райондук акимчилигине кайрылгандыгын билдирди:
- Акимчиликтен жардам берип пансионатка же вагонго кароолчу кылып койсо балам менен эптеп оокат кылып кетет элем деп ойлойм.
Эненин мээрими марттыктан өтөт дептир бир акылман. Анын сыңарындай кароолчулук жумуш убада кылган акимчилиги дагы бүгүн тамак берели деп таппай атам деген Карой айылынын социалдык инспектору Мира Мамбетованын аракети дагы сүйлөбөгөн Алтынбекке баары бир. Ага апасынын жанында жүргөнү гана топук. Ал энесинин салалап аккан жашын сүртүп, колунан жүгүн алып, аяр тиктегени карегинен байкалды. Эне болсо баласы үчүн чебеленип дале жанында:
- Бүт энелерге тилегеним, ыйлабасын, аларга жакшылыкты каалайт элем. Оорукчан балдарын көрүнгөн жерге таштабай, жумушу жок ачка болсо дагы жанында жүрүшүн каалар элем . – Бул атайын суранган Майрам Бапаеванын ушул майыптар күнүндө айта турган тилеги жана үмүтү болду.
Алтынбекке тагдырлаш 1324 майып Ысыккөл облусунда катталган. Ал эми бир эле Карой айылында мындай адамдардын саны 41 экен. Адистердин ырасташынча алардын үй-жайы болсо дагы 60-70 жакын пайыза мамлекеттин кароосунда.