Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

ОРУСИЯ АТУУЛДУК АЛУУНУ ЖЕҢИЛДЕТҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин мурдагы СССР атуулдарын оңойлотулган жол менен Орусиянын атуулдугуна кабыл алуу мыйзам долбоорун бейшембиде Мамдумага жиберди. Атуулдук мыйзамга оңдоо киргизилгенде өлкөгө атуул болуп өтүүнү каалагандар арыз берүүсү 2008-жылдын 1-январына дейре узартылат дешүүдө. Мындай шарт баарыдан мурда 2002- жылы 1-июлдан кийин каттоого алынып, ошондон бери Орусияда жашап аткан мурдагы советтик жарандарга гана таркала тургандыгы айтылууда.

Орусиянын жарандык мыйзамына 2002-жылы да азыркы президент сунуштап оңдоо киргизилген. Анализчилер баамында: «ал жолку оңдоо Орусияны эшигинен киши кирбес, жабык мамлекет» кылып салган. Адам укугун коргоочу Лидия Графова айтканга караганда, ал мыйзам талабы боюнча «элден мурда утурумудук каттоодон өтүш керек. Ошондон кийин утурумдук жашоо үчүн керектүү кагаз чогултуу башталат. Алар үчүн СПИД менен ооруган эмес, пес, ала менен ооруган эмес, туберкулез менен ооруган эмес деген сыяктуу кагаздарды чогултушу керек. Андан кийин соттолгон эмес деген кагаз алып анан атуулдук алуу арызын жаза алат».

Өлкөнүн федералдык мыйзамынын 14-беренеси негизинде атуулдук укугун алыш үчүн чет элдиктер Орусия жеринде бери дегенде 5 жыл жашоосу зарыл. Болгондо да ал мөөнөттүн учугу үзүлбөөсү керек. Кошумча шарт болуп, ал кишинин «өзүн-өзү тың бага алгыдай каражаты болушу» жана «орус тилин билиши» эсептелет.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматтарда, Орусиянын калкы бир эле 2004-жылы 750700 кишиге кыскарган. Эксперттер пикиринде мындай жагдайды мигранттар эсеби менен гана толуктоо мүмкүн.

Эмнеси болсо да президент Путиндин мыйзамды бузуп, мурдагы советтик атуулдарды жарандыкка алдыруу демилгеси – ошончо эле абалды оңдоп ийбейт дешкендер четтен чыгууда. Бул жерде Кыргызстандан келип, бул жакта эмгектенип жүрүшкөн миңдеген мекендештерибизге орусиялык мыйзамдын оңдолуп атышы деле анча паана болбошун айта кетүү оңдур.

Президент сунуштаган толуктоо жакында кабыл алына тургандыгын айткан Мамдума Мыйзам чырагуу комитетинин төрагасы Павел Крашенинников андан ары азыркы берилүүчү жеңилдик 2002-жылдан бери өлкөдө жашап аткан мурдагы советтик паспорту барларга болот. Андай жеңилдик болуп:

«Бул жерде убактылуу жашап туруу үчүн уруксат алуунун кажети жок болот. Дагы бир башка жагдай-шарттарды далилдөөнүн кажети жок. Маанилүүсү – орус тилин билүү жана мурда сот жообуна тартылбаган болуу керек», - дейт Мамдума депутаты Крашенинников мырза.

«Ведомости» жазганга караганда: «өлкөдө улутчулдук кеңири кулачын жайып баратканда, ошондой эле Францияда чыккан тополоңдон кийин орусиялыктар арасында иммигранттарды жек көрүү күч алган кезде сунушталып аткан толуктоо баарыдан мурда бийлик үчүн баалуу».

«Көчүп келгендер форуму уюму» аткомунун төрагасы Лидия Графованын эсебинде: «азыркы тушта Орусиянын жеринде жүрүп аткан 5 миллион «жашырын иштеп жүргөндөр» бар. Алардын 3, 5 миллиону –акча таап кайра кеткен аткандар. Ал эми 1,5 миллиону атуулдук алабыз деп такыр көчүп келишкендер жана 2003- жылкы мыйзамдан кийин алигиче жарандык ала албай жүрүшкөндөр».

XS
SM
MD
LG