Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

АКШ МЕНЕН СИНГАПУРДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ АТКАРЫЛДЫ, КЫРГЫЗСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Жума күнү АКШнын Түндүк Каролина штатында Кеннет Бойд аттуу адам өлүм жазасына тартылды. Ошону менен ал 1979-жылы АКШда эң катаал жаза калыбына келтирилгенден бери өлүм жазасына тартылган бир миңинчи адам болуп калды. Сингапурда да Австралиялык баңги аткезчиси, анын күнөөсүн Австралиянын премьер-министри кечиргенине карабай, өмүрүнөн ажыратылды. АКШ менен Сингапурдагы бул окуялар – көпчүлүгү өлүм жазасына каршы дүйнө коомчулугу тарабынан катуу сынга кабылды.

57 жаштагы Кеннет Бойдго атайын укол сайылгандан кийин анын жүрөгү сокпой калды. Бойд 1988-жылы эки баласынын көзүнчө өзүнчө жашап жаткан мурдагы аялын жана анын атасын өлтүргөнү үчүн алты жылдан кийин соттун өкүмү менен өлүм жазасына буйрулган. Ал өзү өкүм ишке ашырылаарына аз калганда: “өлүм жазасын өч алуу катары кабыл алдым, андан башка эч кандай сезим жок”, - деп билдирди.

АКШда 1979-жылы өлүм жазасы калыбына келтирилгенден бери эң катаал өкүмгө буйрулган 1000-айыпкер болуп калган Кеннет Бойд өлдү деп жарыяланаарына аз калганда, Сингапурда 25 жаштагы Нгуэн Ванг аттуу жигит дарга асылды. Ал мындан 3 жыл илгери Сингапурдагы аэропортто 400 грамм героин менен кармалган. Бул өлкөнүн мыйзамдары боюнча, 15 грамм героинден көбүрөөк маңзат менен кармалган адам ушундай тагдырга туш болот. Кийин сотто ага чейин соттолуп көрбөгөн Австралиянын жараны Нгуэн Австралияда жашаган бир тууганын карыздан кутултуш үчүн ушундай ишке барганын айтып берген. Мельбурнда Нгуэн чиркөөдөгү мектепте окуган экен, ал чиркөө жигит өлүмгө тартылган күнү 25 жолу, ал жашаган ар бир жыл үчүн коңгуроо какты.

Бир катар укук коргоо уюмдары жана башка коомдук кыймылдар АКШ менен Сингапурда өлүм жазасынын аткарылышына каршылык билдиришти. Бирок Вашингтон университетинин изилдөөчүсү Жон Бертоуд АКШнын саясий маданиятына эң катаал өкүм азырынча жат эмес деп эсептейт.

- Менимче, мындай окуялардын баарынан америкалыктар дүйнөдө кандайдыр бир балакет күч бар экени, керек болсо террорчулук жөнүндө сабак алышат. Коммунизм, же нацизм болобу, баңги аткезчилери, исламдык фундаменталисттер болобу, алар жашообузда кездешүүдө, Америка аларга карата эң катаал жазаны колдонушу керек: андан башка чара жок.

Бертоуддун айткандарын четке кагып, АКШдагы Өлүм жазасына тыюу салуу үчүн ассоциациянын өкүлү Даянн Руст-Төрней өлкөдөгү коопсуздукту камсыздаш үчүн өлүм жазасын колдонуунун эч кандай зарылдыгы жок деген пикирде.

- Мен азыр кайгылуу мезгилди баштан кечирип жатабыз деп ойлойм. Ушу тапта өлүм жазасынын тарыхына кайрылып, андан кандай пайда таптык деп сереп салып көрбөйлүбү? Жок дегенден башка жооп таппайбыз. Бул мурдагы эски расизм, орто кылымдардагы куугунтук доорунун саркындысы, коопсуздук үчүн анын эч кандай мааниси жок.

Эл аралык мунапыс уюмунун маалыматы боюнча, өткөн бир жыл ичинде дүйнөдө 4000дей адам өлүм жазасына тартылды, бул катаал чараны эң көп колдонгон өлкөлөр тизмесинин башында Кытай, АКШ, Иран, Вьетнам турат. Эл аралык коомчулук өлүм жазасын адамгерчиликке каршы, азыркы замандын жашоо-талаптарына жооп бербеген акт катары жерип, аны колдонгон өлкөлөрдү сындап келатат. Дүйнөдөгү 121 өлкө өлүм жазасына тыюу салган, андай мамлекеттердин тизмесине былтыр Бутан, Греция, Самоа, Сенегал, Түркия кошулду.

Кыргызстан азырынча бул тизмеге кирбеген азчылык тарапта, өлкө мыйзамдары өлүм жазасын колдонууга жол берет, бирок соңку мезгилдери өлкө президентинин улам жаңы жардыгы менен аны жүзөгө ашырууга бир жылдык мораторий жарыяланып келатат. Ушу тапта Конституциялык реформаларды талкуулап жаткан кеңешме өлүм жазасынан таптакыр баш тартууну сунуш кылды, эгерде башмыйзамга андай өзгөртүү киргизилсе, Кыргызстан да адамдарды өмүрүнөн ажыратууга жол берген өлкөлөр тизмесинен чыгарылат.

XS
SM
MD
LG