БИШКЕК. 1-декабрда Өзбекстандын Ташкен, Анжиян жана Сырдарыя дубандарында Анжиян козголоңуна катышкандардын үстүнөн сот жараяны кайрадан башталды. Бул козголоңду уюштургандар катары Өзбекстандын тартип коргоо органдары 121 адамды камакка алган. 20- сентябрдан 15- ноябрга чейин созулган биринчи сот жараяндарында 15 адамдын иши каралып, алардын арасындагы үч кыргызстандык атуул 14 жылдан 20 жылга чейин кесилген. Бул жолку сот жараянына айыпталуучулардын экинчи тобунун иши каралмакчы. Арасында кыргызстандыктар барбы же жокпу азырынча белгисиз.