БИШКЕК. “Бухара -Ташкент - Бишкек - Алматы” газ куурунда газдын өлчөмү азайып аткандыгына байланыштуу Бишкек ТЭЦи сууну тиешелүү деңгээлден 15-20 градуска төмөн ысытууда. Бул тууралуу “Электр санциялары” акционердик коомунун маалымат кызматынан билдиришти. Бул башкалаада үйлөрдүн жылытылышы начарлайт дегенди билдирет. “Кыргызгаз” акицонердик коомунун жетекчисинин орунбасары Саламат Айтикеев суук түшкөндө аталган газ кескин азайды, бул Кыргызстан үчүн жаман белги деп билдирди. Байкоочулардын баамында, Кыргызстан Өзбекстан менен газ боюнча контрактка кол койбосо, кышкысын ушул өңдүү маселелер чыга берет. Саламат Айтикеев "Азаттыкка" билдиргенге караганда, 5-ноябрда “Кыргызгаздын” жетекчилиги Ташкенге сүйлөшүүлөргө кайрадан барат. Эскерте кетели, Өзбекстан газдын баасын 42 доллардан 55 долларга көтөрүүдө, бирок бул баа кыргыз тарап үчүн кымбаттык кылат.