Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Парламент токтом кабыл алды


БИШКЕК. 2-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Тынычбек Акматбаевдин жана анын жанындагылардын өлтүрүлүшүн иликтеген комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды. Депутаттар негизинен комиссиянын сунуштарын колдошту. Токтомдун биринчи пункту боюнча депутаттар 2006-жылдын январында жаза өтөө жайларындагы абалды турукташтыруу боюнча аткаруу бийлигинин иш-чаралары тууралуу парламенттик угуу уюштуруу чечимин кабыл алышты. Мындан сырткары өкмөткө бул тармактагы абалды жакшыртуу үчүн бир катар чараларды көрүү тапшырылды. Бирок комиссиянын күч министрликтеринин жана юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартуу тууралуу сунушу өткөн жок.

Парламент 1-декабрда аталган комиссянын жыйынтыгын уккан. Анда депутат Акматбаевдин набыт болушуна, жаза өтөө жайларынын коррупцияланып кетиши, тартиптин жоктугу, абактардагы башаламандык себеп болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG