Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

М. Чолпонбаевдин үстүнөн сот жараяны улантылды


БИШКЕК. Бишкекте 1- май райондук сотунда 2-декбарда 17- июнда болгон өкмөт үйүн басып алуу аракетине байланыштуу Мукар Чолпонбаевдин үстүнөн сот жараяны улантылды. Ага бийликти басып алууга аракет жасаган жана массалык башаламандык уюштурган деген айыптар тагылууда. Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” кабарчысына билдиргенине караганда, коюлуп жаткан айыптарды четке кагат жана бул сот жараянын чагымчылык катары баалайт. Бул күнү сотко 17- ноябрдагы чабуул учурунда башына таш тийгендин залакасынан улам каза тапкан Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери Адилет Абылмажиновдун атасы келди. Ал "баламдын өлүмүнө айыптуу адамдар өз жазасын алышы керек" деген оюн билдирди. Бирок 2-декабрда күбөлөр толук келбегендигине байланыштуу сот жараяны токтотулуп, эмки сот жараяны 6- декабрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG