Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Конституциялык талкуунун мөөнөтүн узартыш керекпи?


БИШКЕК. “Бул жолку Конституциялык реформа Аскар Акаевдин доорундагы бир кишинин бийликтин басып алуу оорусунан арылган жок”. Мындай пикирин “Акыйкат жана прогресс” саясий партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков билдирди. Анын пикиринде, конституциялык кеңешмени президент эмес, парламент төрагасы да эмес, саясий кызыкчылыгы жок башка адам башкарганы оң болмок. Президент Курманбек Бакиев конституциялык кеңешмени сентябрь айынан бери башкарып келатат. Ага чейин спикер Өмүрбек Текебаев төрагалык кылып келген. Ушул күндөрү түштүк дубандарда Конституциянын жаңы долбоору боюнча талкууларды уюштуруп жүргөн Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, азыр элди Конституциянын долбоору эмес, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу шайлоосу кызыктырып жатат. Андыктан Конституциянын долбоорун талкуулоо мөөнөтүн 15- январга чейин узартуу керек деп билдирди Топчубек Тургуналиев.

XS
SM
MD
LG