Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Башмыйзам долбоорун жалпы элдик талкууга коюу пландалды


БИШКЕК. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду жалпы элдик талкууга коюу жөнүндөгү президенттин жарлыгын турмушка ашыруу тууралуу өкмөттүн токтому жума күнү чыкты. Анда министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстуктарда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду талкуулоонун иш планы каралган. Аталган долбоор жаштар арасында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда, аскер бөлүктөрүндө да талкууланат. Ал эми чет өлкөдөгү Кыргызстандык жарандар элчиликтер аркылуу талкууга катыша алышат. Башмыйзамдын жаңы долбооруна карата келген каттар, сунуштар, пикирлер токтоосуз Конституциялык кеңешменин жооптуу катчысына жөнөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG