Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

МАЙЫПТАР КАМКОРДУККА МУКТАЖ


Кабыл Макеш , Бишкек “3- декабрда эл аралык майыптар күнү гана бийлик жетекчилер бизди эске алып, көңүл сураганы болбосо биз унутта калып, колдоого муктажбыз”, деп нааразы болушат мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Учурда өлкөдө 100 миңден ашуун атуул мүмкүнчүлүгү чектелген катары ар жылы 89 миллион сом каражатты жөлөкпул алып турушат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мындан тышкары дагы социалдык жардамдарга, жеңилдиктерге муктаж экенин Бишкектеги “Сейтек” борборуна чогулган майыптар белгилешти.

“Бийликтегилер бир жылда бир жолу гана бизди эстөөгө аргасыз кылган Эл аралык майыптар күнү гана көңүл жубатып, куру убадаларды берип, кайрадан унутуп калышат” деп белгиледи 1 топтогу майып, спорт чебери Шамырбек Ыдырысов.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарында таланттуу инсандар арбын экенин, аларды социалдык жактан бөлбөй камкордукка алуунун зарылдыгын белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов айтты.

- Алты саны аман адамдар кылбаган нерсени айрым таланттуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кылып келет. Тагдырдын оор сыноолоруна, турмуштун запкысына чыдаган эрктүү инсандар маданият, спорт тармагында ийгиликтерге жетсе дагы аларга көңүл бурулбай калган учурлар арбын. Биздей адамдар камкордукка муктаж.

Жыл өткөн сайын калктын 2 пайызы ар түрдүү оорулардан жабыр тартып, айрыкча жаш балдардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип жатканын өлкөнүн эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин жеңилдиктерди берүү бөлүмүнүн жетекчиси Тамара Сакеева билдирди.

- Айрыкча жаштар ден соолугунан ажырап, майыптыкка дуушар болууда. Бул дагы социалдык жактан турмуштун начарлап баратканынын залакасы. Майыптарга жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамдардын долбоорлору иштелип жатат.


Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көрүү тууралуу мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, иштебей жатканын эки буту тең басууга жарабаган Шейшенбек Төлөмүшев айтты.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Бишкекте көңүл бурулганы менен өлкөнүн башка аймактарында кароосуз калып жатканын, жергиликтүү жетекчилер каражат жок дешип, түрдүү шылтоо менен жооткотуп коюшаарын Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр ассоциациясынын президенти Калык Мамбетакунов айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн билдирди.

- Эң башкысы жумушсуздук, социалдык жактан жардамдардын аздыгы, пособиялардын жетишсиздиги жана жеңилдиктер өлкө боюнча бирдей берилбей жатышы көкөй кескен жагдай болууда. 118 миң майыптын 9 миңи биздин ассоциациянын мүчөсү болуп саналат. Аларга колдон келген жардамды берүүдөбүз.

Өлкөдө түрдүү марафондор өткөрүлгөнү менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ишкерлер да, бийлик өкүлдөрү дагы сыртын салып келатканын бишкектик Бакыт Асанбаев айтты.

3- декабрда “Сейтек” борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өздүк- көркөм чыгармачылык бирикмелеринин концерти берилип, аларга баалуу белектер ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG