Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Аба ырайы


БИШКЕК. 5-декабрда Кыргызстанда сейрек булут каптап турат. Түнкүсун кар жаабайт. Күндүз айрым тоолуу аймактарда гана кар жаашы күтүлөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурларда 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +4...+9 градус жылуу болот. Талас жергесинде түнкүсун -1...-6 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +5...+10 градустан айланасында жылыйт.
Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +2...+7 градус жылуу болушу күтүлөт. Нарында түнкүсүн -7...-12 градус суук, күндүз +3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.

Борборубуз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...-2 градус суук, ал эми күндүз +7...+9 градус жылуу болот.

Кабарларды Чолпон Орозобекова даярдады
Редактору Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG