Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстандагы казак атуулдар добуш беришти


БИШКЕК. Казак президентин шайлоо үчүн Кыргызстандагы Казакстандын элчилигиндеги 142-шайлоо участкада эртең менен саат 8 ден баштап добуш берүү башталды. Элчиликтин маалымат катчысы Онталап Оналбаевдин айтымында, консулдук каттоодо казакстандык 155 атуул турат. Ошондой эле Кыргызстанда убактылуу жүргөн атуулдар бекитүү талондору менен келип добуш беришмекчи. Бул шайлоо участкасында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан 5 байкоочу иштеди. БШКнын мүчөсү Гүлбара Калиеванын айтымында, добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар байкалган жок. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтияр Тасымовдун айтымында, бул шайлоо участкасында байкоо жүргүзүүгө бейөкмөт уюмдардан жана башка көз карандысыз байкоочулар тараптан сунуш түшкөн жок. Маалымат катчы Онталап Оналбай “Азаттыкка” билдиргенге карагaнда, саат 17ге карата 130дан ашык шайлоочу добуш берди.

XS
SM
MD
LG