Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Ооганстанда регионалдык экономикалык конференция өтүүдө


Ага 13 өлкөнүн расмий адамдары катышып жатат. Ооган президенти Хамид Карзай кечээ конференциянын ачылышында сүйлөгөн учурунда, террорчулукка каршы күрөштө жана Ооганстан апийим экспорттоодогу лидерлик ролдон арылышы үчүн жардам көргөзүүдө чөлкөмдүк кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Жыйынга Британия жана Ооганстан менен чектеш алты өлкө: Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай, Пакистан, Ирандын өкүлдөрү тең төрагалык кылууда. Индия, Түркия, Араб Эмираттары, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү да катышып жатат.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG