Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

АКШ Пакистанда "ал-Каида" уюмунун жол башчыларынын бири жок кылынганын ырастаган жок

АКШ президентинин Улуттук коппсуздук боюнча кеңешчиси Стивен Хэдлинин билдиргенине караганда, ал Пакистанда "ал-Каиданын" Абу Хамза Рабия атуу лидери жок кылынганын расмий түрдө ырастай албайт. Ал кандай жагдайда жок кылынганы боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар түшүүдө. Мурдараак Пакистан президенти Первез Мушараф Абу Хамза Рабия жана дагы беш согушкер Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан чөлкөмүндөгү жардыруудан мерт болгондугун билдирген эле.
XS
SM
MD
LG