Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Иракта мурдагы президент Саддам Хусейндин соту уланат


Саддам Хусейиндин үстүнөн башталган сот жараяны адвокаттардын коопсуздугуна байланышкан тынчызданууларга карабай уланат. Бул тууралуу кечээ СНН телеканалына берген интервьюсунда Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари билдирди. Мунун алдында Ирак бийликтери суннит козголоңчуларынын сот жараянынын бүгүн күтүлүп жаткан үчүнчү отурумуна кол салуу планы бар экенин айтышкан эле. Саддам Хусейн жана анын жети шеригине бир нече, анын ичинде адамзатка жасаган кылмыштары үчүн айып коюлган. 19-октябрда сот жараяны башталгандан бери айыпкерлердин эки адвокаты киши колдуу болду. Тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин айтымында, Ирактын өкмөтү адвокаттарга алардын коопсуздугун коргоону сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG