Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Жаштар уюмдары баш мыйзамдын долбоорун талкуулашты

5-декабрда Бишкектеги “Достук” мейманкканасында “Жаштар жана конституциялык реформа” аттуу тегерек үстөл талкуусу болду. АКШнын улуттук демократиялык институтунун колдоосунда өткөн бул жыйынга “Келкел”, “Бирге” жаштар уюмдарынын, Кыргызстан студенттер кошунун өкүлдөрү жана студенттер катышты. Анда талкууга коюлган баш мыйзамдын долбооруна баа берилген ой-пкирлер айтылып, Конституциялык реформа боюнча референндумга бир гана маселени - мамлекетик башкаруунун түрүн аныктоо, тактап айтканда, парламенттик же президенттик башкарууну сунуштаган гана маселени коюу зарылдыгы тууралуу пикирлер басымдуулук кылды. Жыйын соңунда резолюция кабыл алынып, ал 13-декабрга белгиленген жаштар өкүлдөрү менен Курманбек Бакиевдин жолугушуусунда президенттин өз колуна тапшырылаары белгиленди.
XS
SM
MD
LG