Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:54

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды


КАРАКОЛ. Талкууну Ысыккөл облусундагы Социал-демократиялык партиясынын бөлүмү менен Каракол уюму уюштурду. Ага партиянын чыгыш зоналарындагы райондорунун мүчөлөрү жана Каракол шааарынын тургундары катышты. Мыйзам долбооруна сотторду шайлоо жолу менен парламентке партиялык тизме, башкача айтканда пропорционалдык система менен гана, ал эми аткаруу бийлигинин стуктураларын төмөндөн жогорку тепкичке чейин дайындоо керек деген ыкмасын киргизди. Бир топ талаш-тартыштан кийин эл президентти, парламентти, сотторду жана жергиликтүү депутаттарды гана шайлоого барат деп билдирген конференциянын катышуучулары мындай кадам анархияга жол бербеген мисалдарды белгилешти. 15-декабрга чейин элдик талкууга коюлган мыйзам долбооруна көлдүктөрдүн мына ушундай үч сунушу конституциялык кеңешмеге жолдонду. Бул маалымат Социал-демократиялык партиясынын Ысыккөл облусундагы координатору Догдурбай Мусабековдон алынды.

XS
SM
MD
LG