БИШКЕК. 5-декабрда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз президенти Нурсултан Назарбаевди 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, чын ден соолук, мамлекеттик бийик кызматтагы ишине ийгилик, аны менен бирге жамы Казакстан калкына амандык, өсүп-өнүгүү каалады. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Казакстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев бул орун үчүн ат салышкан беш талапкердин ичинен 90 пайыздан ашуун добуш менен алдыга чыкканы айтылууда.
Ушул эле күнү Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбеков Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо адилет өткөнүн, эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын жана добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция элди көчөгө алып чыгабыз дегени менен эл ким тарапта экенин көрсөтүп койгонун белгиледи.
Ошол эле учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандагы шайлоо демократиянын стандарттарына жооп бербегенин, шайлоочуларга кысым көрсөтүү сыяктуу мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Ал эми Кыргызстандагы “Эркиндик” партиясынын лидери, Борбор Азия демократиялык конгрессинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев “Назарбаевдин тушунда Казакстанда эч качан адилет шайлоо болбойт, оппозициялык күчтөр күн мурунтан эле куугунтукталып, оппозиция талапкери Жармахан Туякбайга мүмкүнчүлүк берилбеди” деген пикирин дүйшөмбүдө “Азаттыкка” билдирди.