Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Багдадда Саддам Хусейндин соту бүгүн токсон мүнөткө уланды.


Процесс башталарда бир нече адвокат, алар менен бирге коргоочулардын эл аралык кеңешчиси, АКШнын мурдагы башкы прокурору Рэмси Кларк залдан чыгып кетишти. Саддам Хусейн өзү болсо соттун мыйзамдуулугун тааныбай тургандыгын айтып, кыйкырды. Экс-диктатордун жана анын жети жардамчысынын соту ушуну менен үчүнчү ирет кийинкиге которулду. Биринчи процесстен бери эки адвокаттын көзү тазаланды, үчүнчүсү Ирактан кеткенге аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG