Сот жараянынын кечээги отурумунда айыптоочу тараптын биринчи күбөсү көрсөтмө берди. Саддам Хусеин болсо сотто күбөнүн айткандарын төгүндөп, өлүм жазасынан коркпой тургандыгын билдирди. Саддам жана анын жети шериги 1982 –жылы Дужейл деген шаарда Ирактын мурдагы президентинин өмүрүнө кол салуу аракетинен соң 140тан ашуун шийиттин өмүрүн кыйганы үчүн айыпталууда. Соттун кечээги отурумунда адвокаттар аларга соттун мыйзамдуулугу боюнча арыз менен чыгуу мүмкүнчүлүгү берилбегенине нааразылык билдирип, залдан чыгып кеткенине байланыштуу бир жарым сааттык тыныгуу орун алды.