Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:09

Кыргыз- өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү болду


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги сүйлөшүүсү сонуна чыкты. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун 6-декабрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда бул сүйлөшүүдө тараптар чек ара тилкесинин бир чакырым 600 метрин тактоого жетишти. Аламановдун айтымында, учурда эң оор делген 260 чакырым боюнча, тактап айтканда эки ортодо талаш туудурган жерлер боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Эки өлкөнүн чектеш аймактарында талаштуу делген 50 чакты жер бар. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки сүйлөшүү келерки жылдын февраль айында Жалалабат облусунда өтөөрү күтүлүүдө.
Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1295 чакырым. Азырга дейре анын бир миң отуз сегиз чакырымы такталган.

XS
SM
MD
LG