Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Боршайком А. Бекназаровду каттайт, Ж. Кудайбергеновду тактайт


БИШКЕК. № 8 Түндүк округу боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган беш талапкердин арыздарын БШК иликтөөгө киришти. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлбара Калиева “Азаттыкка” билдирди. Шайлоо кодекси боюнча парламенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан талапкер 2 жума ичинде катталышы керек. Гүлбара Калиева билдиргенге караганда, №20 Аксы округу боюнча арыз-даттануулар жок болгондуктан Азимбек Бекназаровду депутат катары каттоо үчүн даярдыктар жүрүп жатат. 27- ноябрда болгон шайлоодо аталган округдан Жаныш Кудайбергенов 52 пайыз, Тышкы иштер боюнча мурдагы министр Роза Отунбаева 28 пайыз, мурдагы премьер министр Николай Танаев 3 пайыз добуш алган. Бирок БШКга арыз жазгандардын арасында Николай Танаев жок. Гүлбара Калиеванын айтымында, БШК арыздар каралып бүтмөйүн Түндүк округу боюнча талапкерди каттоо иштерин жүргүзбөй турат.

XS
SM
MD
LG