Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Канаттуунун сасык тумоосу илдетинен улам Украинанын Крым чөлкөмүндө өзгөчө абал киргизилди


Украин парламенти кечээ канаттуунун сасык тумоосу илдети боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулап, президент Виктор Юшенконун Кырым жарым аралынын үч чөлкөмүндө өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жардыгын бекитти. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министр Виктор Балоганын парламентте билдиргенине караганда, эгер шашылыш чара көрүлбөсө, илдеттин Крымдан башка чөлкөмдөргө да жайылып кетүү коркунучу бар. Мунун аралыгында, украин аскерлери шаршемби күнгө карата илдет чыккан аймактан 22 миң тоок –казды жок кылууну аяктоодо.

XS
SM
MD
LG