Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

КАБАРДИН – БАЛКАР РЕСПУБЛИКАСЫНДА КАМАЛГАНДАР КЫЙНООГО АЛЫНГАН


"Хьюман Райтс Уочт" уюму Орусия курамындагы Кабардин –Балкар республикасынын коопсуздук күчтөрүн быйыл октябрь айында согушкерлердин Нальчик шаарына жасаган кол салуусуна катышы бар деген шек менен камалгандардан оң көрсөтмө чыгаруу максатында күч колдонулганы үчүн айыптады. Камактагылардын адвокаттары да алардын кардарлары абактан кыйноого алынганы боюнча далилдер бар экенин билдиришүүдө.

Согушкерлердин Нальчиктеги жортуулуна тиешеси бар деген шек менен камалган Расул Кудаев деген атуулдун адвокаты Александра Зернова, маселен, батыш маалымат каражаттары менен адам укугун коргоочу уюмдарга өз кардарынын ур –токмокко алынгандан кийинки 15тей сүрөтүн жөнөткөн. Ал сүрөттөр орусиялык айрым интернет басылмаларда жарыяланды. Бирок адвокат Зернованын айтымында, бийликтегилер далил турганына карабай мындай окуя болгонун төгүндөөдө. Ал Лондондон "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда буларды билдирди:

-Алар азыркыга чейин эч кандай укук бузуу болгон жок деп билдиришүүдө. Өткөн аптада Расул Кудаевдин апасы Фатима Текаева эч кандай кагазсыз эле прокуратурага чакыртылган. Прокуратурадагылар ага эмне үчүн эч кандай далилсиз эле балама катаал мамиле жасалды деп эсептейсиз деп айтышкан. Мунун баары сүрөттөр басма сөздө жарыяланган орун алып олтурат.

Бул Расул Кудаевдин биринчи эле жолу камалып олтурушу эмес. Алгач 2001-жылы Ооганстанда АКШнын антитеррордук операциясы учурунда Талибан согушкерлери менен байланышта турат деген шек менен кармалган. Андан соң Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык аскерий түрмөгө жөнөтүлгөн болчу. 2004-жылы май айында Гуантанамодгу башка орусиялыктар менен катар бошотулган.

Анда кабарларга караганда, АКШнын аскерий жетекчилиги алардын талиб согушкерлери менен алакада тургандыгы боюнча далилдер ишенимсиз деген жыйынтыкка келген экен. Мекенине жөнөтүлгөн соң Пятигорск шаарындагы абакта кармалып, андан соң гана эркиндикке чыгарылган. Бирок Расул Кудаевдин бир тууганы Арсен Кудаевдин айтымында, ага укук коргоо органдарынын ыдык көрсөтүүсү токтогон эмес:

-Пятигорскиден бошотулганда эле Башкы прокуратурадагылар алар менен кыска убакытка гана коштошуп жатышканын айтышкан. Бул азыркыга чейин уланып келди. Аны 23-октябрдагы окуяларга чейин деле үйдөн мезгил –мезгили менен алып кетип турушкан.

Жергиликтүү укук коргоочулардын ырастоосунда, согушкерлердин октябрь айында Нальчикке жасаган рейдинен кийин диний ишеними исламдын расмий агымынан айрымаланган мусулмандарга каршы куугунтуктун жаңы толкуну жаралды.

Күбөлөрдүн дээрлик баарынын айтымында, кол салууну тажрыйбалуу аз гана сандагы согушкерлердин баштосунда жергиликтүү жаш жигиттер жасаган. Жергиликтүү тургундардын пикиринде, алардын көпчүлгү диний ишеними үчүн милиция тарабынан узактан берип куугунтукталып жүргөн жана мындай зомбулук аракетине аргасыздыктан баргандар.

Орусиянын бийликтери Нальчиктеги окуяга байланыштуу 50дөй гана адамды камакка алганын ырастаган эле. Бирок укук коргоочулардын ишениминде камалгандардын саны мындан кыйла көп. Ал эми кээ бир адамдар камакта каза тапкан деген маалыматтар көз карандысыз булактар тапрабынан ырасталган жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG