Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Кыргызстан өлүм жазасын алып салуу маселесин кароодо

БИШКЕК. Өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн кыргыз парламентинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук реформасы жана адам укуктары боюнча комитетинде талкууланды.Өлүм жазасын алып салуу жөнүндө мыйзамдык демилге аткаруу бийлигинен чыккан. Өкмөт өкүлдөрү мындай чечим эл аралык нормаларга ылайык келерин белгилешти.

-Кыргызстан эч нерседен коркпой эле өлүм жазасынан баш тартышы керек.-деп билдирди Юстиция министри Марат Кайыпов. -Себеби, биз 1998-жылдан бери эл аралык келишимге байланып калганбыз. Бул эл аралык келишимден баш тартканыбыз Кыргыз мамлекетинин демократиялык, укуктук мамлекеттен баш тартканга тете кылат.

Конституциянын жаңы долбоорунда өлүм жазасын алып салуу киргизилгендигине байланыштуу бул маселенин айланасында кызуу талкуу жүрүп жатканын парламент депутаты Кубатбек Байболов белгиледи. Анын айтымында, өлүм жазасын алып салуудан мурда жаза өтөө жайларынын шартын жакшыртуу керек. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укугу, сот системасы жана башка эл үчүн иштей турган маселелерди көтөрүү зарыл.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, Кыргызстанда өлүм жазасын алып салуу керек. Анткени өлүм жазасына тартылгандардын көпчүлүгүнө сот туура эмес чечим чыгарган учурлар кездешүүдө. Ал Кыргызстанда болжолдуу 160адам өлүм жазасына тартылганын билдирди.
XS
SM
MD
LG