Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:02

ОЛИМПИАДА ОТУ ИТАЛИЯДА ЭКИ АЙЛЫК САЯКАТЫН БАШТАДЫ


Олимпиаданын оту бүгүн шаршемби күнү байтак шаар Римге Италиянын аскер күчтөрүнүн С-130 учагында алып келинди.

Олимпиаданын оту Италиянын олимпиада комитетинин төрагасы Валентино Кастелланиге өткөрүлүп бергенге чейин 10 күн бою байыркы Элладанын шаарларын кыдырды. Фонар чырактын ичиндеги от Чампионо аба майданыдан түз эле Президент сарайына жөнөтүлдү. Бейшемби күнү тарыхый отту президент Карло Азелио Чампи биринчи италиялыкка- Стефано Балдиниге тапшырып, андан ары колдон колго өтө баштайт. Балдини былтыр Афины шаарында өткөн Жайкы олимпиадалык оюндарда классикалык марафондук жарышта алтын медалды жеңип алган. От көтөргөн жөө күлүктөрдүн жолу Римдеги атактуу Треви фонтаны, Испан тепкичтери, Пантеон храмы аркылуу Ватиканга барат. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI отту жалгагандан кийин, жума күнү аземи панар-чырактын ичиндеги оттун эки айлык сапары башталат. Жума күнү олипианын символун Римдин “Рома” футбол клбунун оюнчусу Франческо Тотти күчтүү атаандаштары- “Лазио” клубунун оюнчусу Паоло Ди Чаниге тапшырат. Күлүктөр отту колдон колго берип отурушуп, Италиянын бардык облустарын кыдырышат, атүгүл кээде Франция, Австрия, Швейцария, Словенияга өтө чыгышат. 11 300 чакырымдык жолдо отту 11 миң адам көтөрүп, колдон колго өткөрүшөт. Алардын ичинде марокколук жөө күлүк Хикам эл-Гуерроуж, италиялык футболчу-дарбазачы Марчелло Липпи дагы башка атактуу спортчулар бар.
От Венецияны гандола-кайыкта кыдырат. Кээде Феррари спорттук машинеде, атчан чабандестер да көтөрүшөт.

7-ноябрдан Байыркы Олимпиадан чыккан от 10-февралга Кышкы олимпиада оюндарынын ачылышына Турин шаарына жеткирилет.
Олипиада оюндары Италияда биринчи жолу 1960-жылы жайында өткөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG