1971-жылы жазылган Imagine деген ырында Жон Леннон: "Ойлоп көрчү - дүйнөдө мамлекеттер болбойт, чек аралар жоюлат, дин деген да болбойт, ар бир адам эркин жашайт. Сен, албетте, мага итшенбейсиң жана мены кыялкеч деп атайсың, бирок мен жалгыз эмесмин жана бир күнү сен да бизге кошуласың" - деп ырдайт.
Нью-Йорк шаарында Леннон өлгөн жерден алыс эмес Борбордук паркта ушул ырдын алгачкы сөзү Imagine деп жазылган аянт да бар жана тынчтык үчүн күрөшкөндөр менен Леннондун талантын баалагандар Нью-Йоркко келгенде ошол жерде чогулат.
Жон Леннон Англиянын Ливерпуль шаарында 1940-жылы туулган жана мектепте окуп жүргөн кезинде гитара ойноп, өзүнчө топ да түзгөн. Ошол кезде ал Пол Маккартни деген мектеп окуучу менен жолугуп, аны менен да кошо ырдай баштайт, Маккартни өзү ыр чыгарганын көрүп, Леннон дагы ыр жазып, музыка чыгарууга киришкен.
Кийин экөө атактуу "Битлз" тобун түзгөн жана ага кирген төрт жигит дүйнөнү дүңгүрөтүп, бүткүл адамзаттын маданиятына таасир эткен ырларды чыгарып ырдаган. Улуу Британиянын падышасы алардын баарын өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы менен сыйлаган, бирок Леннон кийин ал орденди падышага кайтарып берген, анткени Виетнамда АКШ жүргүзүп жаткан согушту Британия колдогонуна каршы чыккан.
1960-жылдардын аягында Леннон жапониялык сүрөтчү-авагардист Йоко Оно менен таанышкандан тартып, "Битлз" тобунда араздашуулар башталган. Анын үстүнө топтун менеджери Брайан Эпстайн 1967-жылы каза болгондон кийин "Битлздеги" расми эмес жетекчилик Маккартниге өткөнү Леннонго жана өзгөчө Йокого жаккан эмес жана топ тарап кеткен. "Битлзден" кийинки мезгилде Леннон Йокого арнап көптөгөн ыр жазган жана алар эмгиче дүйнөдө ойнолот.
1970-жылдарда Леннондон журналисттер - сиз эл арасында ким болуп эстелип жүргүңүз келет деп сураганда, ырчы "Битлз" жөнүндө эмес, өзүнүн ырлары жөнүндө эмес, - мени тынчтык үчүн күрөшкөн адам деп эстеп жүргүлө деп жооп берген.
Йоко менен үйлөнгөндөн кийин алар экөө 1969-жылы Амстердам жана андан соң Монреал шаарында тынчтык үчүн атайын акция өткөрүп, мейманканадагы бөлмөдө ар бир шаарда он күн бою төшөктөн турбай жатышкан. Журналисттер менен саясатчылар ага күлгөнү менен, алардын ал күндөрдөгү сүрөттөрү жана интервьюлары гезиттердин биринчи беттеринде жарыяланып, пацифисттик кыймылга ал бир топ салым болгон. Монреалдагы мейманканага толгон журналисттер жана башка адамдар менен кошо Леннон ошол күндөрү төшөктөн турбай жатып атайын ыр да чыгарган жана ал эмгиче тынчтык үчүн күрөшкөндөрдүн гимни болуп жүрөт.