Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Бишкектин МАИ кызматкерлери иш ташташты


БИШКЕК. 8-декабрда Бишкек шаардык Мамлекеттик Автоинспекциясынын кызматкерлери иш ташташты. Аталган тармактын 169 кызматкери Бишкек МАИсинин жетекчиси Касымбек Райымкул уулуна ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардын Ички иштер башкармалыгына кат жолдошту. Бул тууралуу Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын башчысы Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкек МАИсинин кызматкерлери жетекчи Касымбек Райымбек уулунун массалык маалымат каражаттарына билдирүүсү МАИ кызматкерлеринин абройуна жана профессионалдык иштерине доо кетирет. Ал эми Бишкек МАИнын жетекчисинин мындай кадамга барышы бирөөлөрдүн атайын тапшырмасы менен болгон. Анын артында Ички иштер министрлигинин жана Жогорку Кеңештин таасирдүү кишилери турат.

7-декабрда Бишкек МАИнын начальниги Касымбек Райымкул уулу Бишкек Мамлекеттик автоинспекциясы №1 коррупциялашкан тармак. МАИге кызматка орношуу үчүн жогорку бийлик өкүлдөрүнөн тааныштарды ортомчу кылышат, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG