Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Парламентте судьялардын талапкерлиги өтпөй калды

БИШКЕК. 8-декабрда Жогорку Кеңеште жергиликтүү сотко судьяларды дайындоо боюнча талапкерлиги талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар жергиликтүү соттордун жана сот кызматына талапкерлерди сунуштаган Улуттук Кеңештин иштериндеги кемчиликтерди сынга алышты. Депутат Кубатбек Байболов жергиликтүү сот органдарына сунушталган талапкерлердин билим деңгээлине, профессионалдык жөндөмүнө көңүл бурууну белгиледи. Анткени жергиликтүү сотко эки жылдык юридикалык билими бар талапкерди дайындоо сунушталган.
Бул күнү жергиликтүү сотторго көрсөтүлгөн талапкерлерди Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук реформасы боюнча комитети кайрадан карап чыга турган болду.

Парламент ушул эле күнү өкмөт тарабынан сунушталган айыл чарба продукциясынан кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча өкмөт сунуштаган Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзам долбоорун кабыл алды.
XS
SM
MD
LG