Мисирде кечээ күнү парламенттик шайлоо өткөрүлдү жана бийликтин айтымында, президент Хосни Мубарактын партиясы парламенттеги 454 орундун үчтөн экисин утуп алды. Добуш берүү учурунда Каир шаарында полиция менен исламчыл күчтөр ортосунда кагылышуу болуп, кеминде тогуз адам өлдү. Кагылышуу - тыюу салынган "Мусулман агайындар" деген уюмдун адамдары шайлоо түйүндөрүнө өтүүгө аракеттенгенде, полиция алардын жолун тоскондуктан чыккан. Ал уюмдун айтымында, алар менен байланышкан 11 адам парламентке өттү.