Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Иран президентинин Израил боюнча жаңы билдирүүсүн эл аралык коомчулук айыптоодо


Махмуд Ахмадинеджаддын Израил боюнча соңку сөздөрүн Улуттар уюму, АКШ, Европа өлкөлөрү, Израил айыптады. Кечээ кабарчылар менен болгон маегинде Ахмадинеджад Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда миллиондогон жөөтөрдүн кырылганына күмөнсүнүү билдирип, Израил Европанын аймагында туруш керектигин айткан эле. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан өз билдирүүсүндө Иран президентинин сөздөрү аны таң калтырганын, БУУнун Башкы ассамблеясы өткөн айда эле Экинчи дүйнөлүк согуштун учурундагы Холокосту тарыхый окуя эмес төгүндөө аракеттерин четке каккан резолюция кабыл алганын белгиледи. АКШнын пикииринде, Ахмадинеджаддын сөздөрү Иран режими жараткан коркунучтун негиздүүлүгүн дагы бир жолу көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG