Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Издөөдө жүргөн хорватиялык генералдын камалышын эл аралык коомчулук кубаттады


БУУнун Гаагадагы трибуналынын баш прокурору Карла дель Понтенин билдиргенине караганда, аскерий кылмыштары үчүн айыпталган хорватиялык мурдагы генерал Анте Готовина Испаниянын Канар аралдарынан камакка алынды.Эми ал Гаагага жөнөтүлүшү керек. НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер бул окуяны жакшы жаңылык деп атады:

-Готовинанын камакка алынуусу – дүйнө үчүн жакшы жаңылык. Өтө оор кылмыштары үчүн айыпталып жаткан адам соттун колуна берилгени үчүн жакшы жаңылык. Мениче бул Хорватия үчүн да жакшы кабар.

Анте Готовина узактан бери издөөдө болчу. Ал Гаага трибуналынын тизмесинин башында турган үч адамдын бир эле. Эми анын камалышы менен Хорватиянын Евробиримдикке кошулуу жараянындагы тоскоолдуктардын бири жоюлгандай. АКШ мурдагы генералдын камалышы Хорватиянын НАТОго мүчөлүк мүдөөсүн орундатуу жолундагы маанилүү баскыч экенин белгиледи. Анте Готовина 90-жылдардын биринчи жарымында Хорватиядагы согуш учурунда серб улутундагыларга каршы жасаган аскерий кылмыштары үчүн айыпталган. Хорватиянын борбору Загребде болсо экс –генералды улуттук баатыр деп эсептеген бир нече жүз адам анын камалышына каршылык билдирип, кечээ кечинде нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG