Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ


9- декабрда Бишкекте Кыргызстандын футболдон 2005- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү. Ошондой эле өлкөнүн 14- чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө байгелер ыйгарылды.

2005- жылдын жыйынтыгына жараша футбол адистеринин аныктоосу боюнча жылдын дарбазачысы деген сыйлыкка “Дордой- Динамо” командасынын өкүлү Закир Жалилов арзыды. Ошондой эле мыкты коргоочу деп да ушул “Дордойдун” коргоочусу Руслан Сыдыков аталды. Быйылкы жылдын мыкты жарым коргоочусу деген сыйлык Канттын “Абдышата” командасынын оюнчусу Эмил Кенжесариевге ыйгарылды.
Эки жылдан бери мыкты чабуулчу жана мыкты футболчу аталган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Замир Жумагуловдун быйыл дагы жылдызы жанып, мыкты чабуулчу деген сыйлыкты колдон чыгарбады. Футбол боюнча Кыргызстандын 14- чемпионатынын эң мыкты футболчусу деген сыйлык дагы “Дордой- Динамо” командасынын коргоочусу Руслан Сыдыковго берилди.
Бишкектин “Шоро-СКА”” командасынын машыктыруучусу Немат Закиров жылдын мыкты устаты аталды.


2005- жылдын “мыкты футболчусу” деген сыйлыкка арзыган “Дордой- Динамо” командасынын өкүлү Руслан Сыдыков алдыдагы максаттары тууралуу мындай деди:

- Январда Москвага Содружествого барабыз. Комбоджада кубок президента сыяктуу майда турнирлер болот. Ошол жерде дагы биринчи орун алып келсек деген ой бар.


Футбол боюнча адис Мурат Дүйшөналиевдин пикири боюнча өкмөттүн спортту өнүктүрүү тууралуу программасы жок, жеңилдетилген салык белгиленсе дейт:

- Экономикалык салым боюнча оңой менен бул көтөрүлчүдөй эмес. Чөнтөгүнөн чыгарып акча берип аткан кишилер, атап кетсек, Салымбеков Аскар, Эгембердиев Табылды, Совет Сакебаев, Сейит Ааматов ушул саналуу кишилердин эле аракеттери менен кыргыз футболу кармалып турат.


Кыргызстандын футбол чемпионатында жогорку лигада быйыл 8 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 2 жыл катары менен өлкөнүн чемпиондугун колдон чыгарган жок. Быйыл 4- ноябрда Кыргызстандын 14-футбол чемпионатынын финалдык таймашында упайлары бирдей “Дордой- Динамо” менен Бишкектин “Шоро- СКА” командалары күч сынашып, негизги жана кошумча убакыттарды эсеп 1:1 менен аяктап, акыры эки команданын өкүлдөрү жекеме- жеке топ тебүүгө өтүшүп, мында “Дордой- Динамо” командасы 4 топту удаа киргизип, оюндун тагдырын өз пайдасына чечип коюшкан. Ал эми “Шоро-СКА” командасынын чабуулчулары тепкен 2 топту “Дордойдун” дарбазачысы Закир Жалилов тосуп алууга үлгүрдү. Ошентип, 5:3 эсебинде Нарындын “Дордой- Динамо” командасы былтыркы чемпиондугун сактап калган. 14- чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө алтын байгелерди жанга баалуу сыйлыктарды өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев тапшырды. Экинчи орунду ээлеген Бишкектин “Шоро- СКА” командасы күмүш медалдын, үчүнчү орунду жеңип алган өлкөнүн экс- чемпиону Карасуунун “Жаштык- Ак алтын” командасына коло байгелер ыйгарылды.


Жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, быйылкы чемпион эмдиги жылы Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогуна жана Москвада январда өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышаарын өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев белгиледи.

Быйылкы чемпионат өзүн актабаганын, оюндардын деңгээли начар болгонун өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн адиси Дастан Конокбаев да моюнга алды.

-Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш- аракеттер аткарылган жок. Анан дагы 24- марттагы ыңкылап да таасирин тийгизди. Эмдиги жылкы чемпионатты Түндүк жана Түштүк аймактарга бөлүп өткөрөлү дегенибиз, каражат маселесин үнөмдөөгө жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп -өнүгүшүнө өбөлгө болсун деген гана тилек. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен төрттөн команда экинчи айлампада Супер лигада чемпиондук үчүн күч сынашат. Мурда Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп келсе, эми Талас, Ысыккөл, Жалалабат аймактарынан да командалар мөрөй талашууга катышса деген максат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG