8-декабрда күнү-түнү бою кар тынымсыз жаап, кечки саат жетилерде гана сейилдеди. Бирок 9-декабрда дагы аба ырайы өзгөрүлбөй, мезгил-мезгили менен кар жаап турду. Нарын гидромет бюросунун жетекчиси Анвар Иманбаев 9-декабрь күнү эртең мененки саат тогузга карата нарын шаарында 35, ал эми Экинарын айылына жарым метр кар түшкөндүгүн билдирди. Нарын облус губернаторунун биринчи орунбасары Ишенбек Абдыгазиевдин айтымында, кар белгилүү гана аймакка жааган:
- Кар облустун бардык жеринде эмес Долондон бери Нарын районунун жээгинде, анан Кызылбелге чейин өзүнчө тилке болуп калың түштү. Бул чындыгын айтканда бизге көп кыйынчылыктарды алып келип атат.
Долондо КАМАЗ автоунаасы жыгылып, жол тосулуп калыптыр жана Кызылбелде дагы автоунаалар өтө албай жатат деген маалыматтар түшүп жатат?
- Ошол жерден өтө албай конуп, түнөп калган эч кандай автоунаа жок. Убактылуу күрөп тазаланып учурда кармалып аткан машиналар болуп атты. Азыр эки белде тең жумушчулар күрөктөрүн алып техникасы менен тазалап атышат. Техниканын жетишсиздиги бүгүнкү күнү дагы бир жолу көрүнүп турат.
Ал эми ички айылдар аралык жолдордун абалы канда болууда?
- Үлгүргөнүбүз шаардагы негизги жолдордун баарын тазалап атабыз. Эми кеңейип айылдарга өтүп атабыз. Айылдарда жеңил машиналар токтоп атат. бирок негизиги байланыш үзүлгөн жок.
Нарын районундагы Кеңеш орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Жапанов окуучулардын райондук олимпиадага жөө келгендиктерин айтты:
- 2005-жылдын 9-декабрында олимпиада болмок. Ошого келгенге жолго чыксак эч кандай машине жок. Кеңеш орто мектебинен 9 окуучу, 5 мугалим жөө келдик. Биз кайра кантип кетерибизди билбейбиз.