Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

КАЗАКСТАНДАГЫ ШАЙЛОО, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРУСТАР ЖӨНҮНДӨ ОРУС БАСМА СӨЗҮ ЭМНЕ ЖАЗДЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Бул аптада орус басма сөз каражаттары негизинен Казакстанда өткөн президенттик шайлоого арналган макалаларга кеңири орун беришти. Андан сырткары, жалпы Борбор Азиядагы чет-өлкөлүк аскерий базалар, Кыргызстандан орус калкынын кетип жатышы өңдүү темалар да талкууга алынбай койгон жок.

Казакстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоо орусиялык басылмаларды түрдүү тыянактарды жасоого түрткөндөй туюлду. Макалалардын көбүндө айтылгандай, шайлоонун тынч өтөөрү жана, албетте, Нурсултан Назарбаев жеңээри алдын ала эле белгилүү болгон. «Московский комсомолец» казак оппозициясынын шайлоодо утулуп калышына оппозиция өзү күнөөлүү деп жазып чыкты. «Анткени коомго өзүнүн реалдуу позитивдик маанайдагы программасын сунуштай алган жок».

Ал эми «Литературная газета» шайлоодо Нурсултан Назарбаевдин жеңип чыгышы – ал жалпы «казак элинин атасы» жана «элдик лидер» экенин ырастады деп жазды. Казакстандагы шайлоого арналган макаласында «Новая газета» басылмасы казак жеринде ыңкылаптын болбогону таң калыштуу эмес экенин, анткени экономика өнүгүп, эл турмушу жакшырып жатканын, анан калса саясий сахна алда качан эле күчтүү атаандаштардан тазаланганын билдирди.

Казак шайлоосуна булардан сырткары, «Независимая газета», «Время новостей», «Российская газета», «Новые известия» жана дагы бир катар башка басылмалар кайрылышты.

«Кыргызстандан кетип жаткан орустардын саны артууда» деп жазат «Труд» гезити. Журналист көп фактыларды туура эмес бергени байкалат.Мисалы, «Азыр Бишкектин борборунда эки комнаталуу квартираларды болгону 3-4 миң долларга сатышат» деп айтылган. Андан сырткары, Роза Отунбаеванын айткандарына шилтеме жасап, аны өлкөнүн Тышкы иштер министри деп атап өткөн.

Макаланын автору Илья Носыревдин ишениминде, «Ушул тапта Кыргызстандагы орустардын жашоо деңгээли аябай начар. Саясатта да орустар дээрлик жок. Мисалы азыркы парламентте 75 депутаттын төртөөсү гана орус улутундагы депутаттар. Ал эми соңку президенттик шайлоодо ат салышкан талапкерлердин баары улуту боюнча кыргыздар болушкан» дейт кабарчы. Журналисттин жазышынча, «Орус улутундагылар адатта пикет-митингдерге чыгышпайт. Анткен менен жеке менчик ишкердикте «жаңы орустар» пайда боло башташканы айтылат. «Бирок алар да марттагы ыңкылап учурунда көпчүлүк мүлкүнөн айрылып, азыр коркуп турган чагы» дейт автор.

Мындан сырткары, «Газета» басылмасы Кыргызстандагы Кант авиабазасы тууралуу жазса, «Время новостей» Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азия боюнча докладына кайрылды.
XS
SM
MD
LG