Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Тайландда беш жашар бала куш тумоосунан каза тапты.

Кайтыш болгон баланын ата-энеси тоок багып өстүргөн адамдар экени маалымдалды. Бала куш тумоосунун Ейч-5 Ен 1 (H5N1) вирусунан өлгөнүн Тайланддын саламаттыкты сактоо министри Пинит Чарусомбат өзү ырастады. Мурда ылаңдан өлкөдө 13 киши каза болгон эле.

Илимпоздор адеп Азияда 2003-жылы катталган ылаңдын вирусу адамга жеңил жукчу формага айланып кетиши ыктымал деп кооптонушууда.

Куш тумоосу Украина, Россия, Румыния жана Түркияда да катталган.
XS
SM
MD
LG