Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46
БИШКЕК. 10-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8 градус суук. Талас облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8 градус суук болот. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу. Ысыккөл дубаны боюнча түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус суук болушу күтүлөт. Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...-7 градус суук.

Ордо калаа Бишкекте жолдор тайгак болуп, мезгил-мезгили менен туман каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн -12...-14, күндүз -4...-6 градус суук болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова жана Шайырбек Эркин уулу даярдашты
XS
SM
MD
LG